БИШКЕК. Конституциялык сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу Аксы окуясын кайра кароого болот деп жооп бергенден кийин Жогорку сот бүгүн бул ишти карап баштайт. Аксы трагедиясында жабырлангандарды коргоп аткан адвокат Токторбек Ашыркул уулу билдиргенге караганда, Аксыда ок атууга күнөөлүү чоң чиновниктерди жоопко тартууну талап кылып аткан тараптарга кысым башталды. Юстиция министрлиги 12- апрелде аны адвокаттык лицензиясынан ажыратып койду. Токторбек Ашыркул уулу муну өзүнө карата жасалган саясий кысым деп эсептейт.