Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Саясий диалог эрегишти эпке салган жок, балким кайра ырбатты


БИШКЕК. Премьер- министр Феликс Кулов 29-апрелдеги акцияны уюштуруп жаткан күчтөрдүн талаптары менен макул, бирок азыркы бийлик бул багытта аракет көргөн жок деген сын дооматтарды таптакыр кабыл албайт. Мындай пикирин өкмөт башчы кечээ улуттук телеканалдын студиясында өткөн тегерек үстөлдө билдирди. Президент Курманбек Бакиев өз кезегинде ар кандай каршылык митингдери инвесторлорду чочуткан менен аткаруу бийлигин коркута албайт деп билдирди. Депутат Кубатбек Байболовдун айтымында, президенттик администрация уюштурган бул жолугушууда диалог болгон жок. Оппозициялык күчтөр эми 29- апрелдеги акцияга ого бетер күчтөнүп даярданаарын билдирип жатышат.

XS
SM
MD
LG