Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Эл аралык мунапыс өлүм жазасы боюнча жылдык отчетун жарыялады


Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан бул укук коргоо уюмунун бүгүн жарыяланган отчетунда келтирилген маалыматтарга караганда, дүйнөдө былтыр өлүм жазасы эң көп ишке ашырылган өлкөлөр: Кытай, Иран, Сауд Аравия жана АКШ. Жалпысынан былтыр дүйнөдө бул эң жогорку жазага эки миңден ашуун киши тартылган. Алардын кеминде 1700сү Кытайда ишке ашырылды. Сауд Аравияда 96, Иранда 84, АКШда 60 кишиге чыгарылган өкүм аткарылган. Өлүм жазасына тартылгандардын саны былтыр мурдагы жылга салыштырмалуу төмөндөгөн. Эл аралык мунапыс уюмунун айтымында, бул жазадан баш тарткан өлкөлөрдүн саны көбөйүп жатат.

XS
SM
MD
LG