Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:43

“ХИПИКТИН КҮҢГӨЙ-ТЕСКЕЙИ, ИДЕОЛОГИЯНЫН ЖЕТИ УҢГУСУ, ТУҢГУЮКТАГЫ ТУРИЗМ


20-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары бийликтин криминалга байланышы жана “Хипк” программасынын күңгөй- тескейи тууралуу жана башка түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.

“Алас” гезитин барактасак, Жогорку Кеңештин депутаты Кабай Карабеков Кыргызстан бийлиги өздөрүнөн башка элдин коопсуздугун камсыз кылбай калганын айткан.

“Баарынан өкүнүчтүүсү-парламенттеги менчик ээлери өз көмөчтөрүнө күл тартып жатканы. Булар минтип атса, өкмөт “мүлктөн да салык алалы” деп отко май чачып турат” деп жазат “Алас” гезити.

“Төңкөрүштөн соң “МСН” жана “Республика” гезити “маңдай тер, таман акысын” жаңы бийликтен төлөтүп алды. Эки гезиттен 2 журналист өнүккөн өлкөлөргө элчи дайындалды. “МСН” гезити тарттырып ийген эски мүлкүн 20 эссе көбөйтүп кайтартты. “Вечерний Бишкек” гезитин эбегейсиз байлыгы менен кайра алды. Оппозициячыл ушул эки гезит учурда бийлик булбулу болуп чыга калышты.

Эми 29-апрелде тынч, мыйзамдуу митингге чыгабыз деген кыймылды “бийликке жанталашкан бир ууч топ”, “бакырчактар, демогогдор” атап жатышат” деп учурдагы басма сөздү, коомдук уюмдардын ишмердүүлүгүн талдоого алат “Алас” жумалыгынын баяндамачысы Алым Токтомушев.

Учурда Кыргызстандын маалымат каражаттарында “Хипк” программасына кириш керекпи же жокпу?” деген темада түрдүү пикирлер жарыяланууда.

20-апрелдеги “Алас” гезити да кайчы пикирдеги эки макалага орун берди. Биринде монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агентчиликтин директору Иманкадыр Рысалиев “Хипктин” бизге кереги жок. Карыздан кутулуунун мындан башка ыкмалары көп” деген пикирин билдирген. Ал эми Кыргызстан ишкерлер ассоциациясынын президенти Өмүрбек Абдракманов “ушул “Хипк” программасын шылтоолоп, эл аралык донорлор Кыргызстандын карыздарын кечип берели” деп жатканын түшүндүрөт.

“Негизгиси Кыргызстанды өнүгө турган жолго түшүүсүнө түрткү берип жатышат. Мындай ишти анык достор гана жасайт” деген белгилиүү ишкер Өмүрбек Абдракманов.

“Бизге улуттук идеология керек. Бирок аны 2-3 айда жазыш мүмкүн эмес. Анын үстүндө шашылбай, керек болсо ондогон жылдар изденип иштөө зарыл. Талаш-тартыштын негизинде жаштардын интеллектуалдык деңгээли көтөрүлөт” деп “Эл аралык интелектуалдык фонддун” президенти Муратбек Иманалиев айтып, идеологиянын 7 уңгусун, 7 тамырын таап, “Болочок Кыргызстан” долбоорун “Алас” гезити аркылуу сунуштаган.

“Апта” жумалыгы да “Хипк” программасы тууралуу ой-пикирлерге орун берген. Бул программага кирбейли десек моюнда 2 млрд. доллар карыз асылып турат. Кирели десек, анын талаптары кыйын, опурталдуу жана татаал болгону жатат. Ошондуктан кыргыздар терең ойлонуп иш- араект кылуубуз зарыл” деп жазат “Апта” жумалыгынын кабарчысы Асанбек Кулманбетов. Ушул “Аптага” берген маегинде өлкөнүн каржы жана экономика министри Акылбек Жапаров “бей-бечаралардын тагдырын ойлобостон байлардын таламын талашкан, өздөрүнүн көмөчүнө күл тарткан парламент экенин өздөрү ашкерелеп койду” деген пикирин билдирген. Буга Жогорку кеңештин депутаты, экс- спикер Өмүрбек Текебаев “парламентте байы да, кедейи да аралаш” экенин жооп кылган.

“Мына ушул окуялардын баары өлкөдөгү бийликтин чабалдыгынан, маселе чече албагандыгынан болуп жатканын” Жогорку кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев айтып, саясый абалга баа берген.

20-апрелде окурмандар “Замандаш” журналынын жаңы саны менен тааныша алышты. Мында “Интерньюс” агенттигинин редактору Марат Токоев “өлкөнүн туризм тармагын талдоого алып, акча коротпостон, бербестен туризм тармагы туңгуюкта турганын”айткан.

Өлкөдөгү так жана терең иштелип чыккан туризмдин стратегиясы менен тактикасынын жоктугун сындайт журналист Марат Токоев.

Бул жолку “Замандаш” журналы өзөк тема катары өспүрүмдөр маселесин көтөрүп чыккан. “Жоголгон муунбу же жолдуу муунбу?” деп суроо коюп, жооп издешкен. Компьютердик клубдар баңги түйүндөрүнө айланганын дарыгер Элвира Калиева маалымдайт.
“Замандаш” журналынын “Айтыш” рубрикасында акын Олжобай Шакир, саясий-коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов жана “Кел кел” жаштар кыймылынын лидери Алишер Мамасалиев учурдагы саясый абал тууралуу өз пикирлерин ортого салган.

Кытайлык кыргыздарга барып, белгилүү манасчы Жусуп Мамайга жолуккандагы таасирлери менен тилчи-окумуштуу Үмүт Култаева “Замандашка” жол очеркин жарыялады.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG