БИШКЕК. Мурдагы президент Аскар Акаевге 420 миң долларды мыйзамсыз берген деп айыпталып жаткан мурдагы каржы министри Султан Медеровго, улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановго, эсеп палатасынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловго 12 жыл берилишин бир топ депутаттар туура көрбөйт. «Бул жетекчилер конституцияга ылайык, шашылыш иш-чараларды каржылоо маселесин чечүүгө укугу бар экс-президенттин тапшырмасын гана аткарышкан», деп айтылат 23 депутат кол койгон бүгүнкү кайрылууда. Буга дейре мамлекеттик айыптоочу бул үч мурдагы жетекчиге 12 жылдан жаза мөөнөтүн берүүнү соттон сураган. Биринчи май райондук соту бул иш боюнча 25-апрелде бүтүм чыгарышы мүмкүн.