Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Иракта шийиттердин альянсы, премьер-министрликке жаңы талапкерди тандоо маселесин караары күтүлүүдө


Шийиттердин Бириккен Ирак альянсы парламентте көпчүлүктү түзөт. Кечээ азыркы премьер- министр Ибрагим ал –Жафаари эгер шийиттердин альянсы башка ылайыктуу адамды тандай алса жаңы өкмөттүн башчылыгына талапкерликтен баш тартуу маселесин карап көрүшү мүмкүн экенин ишара кылды.

Бирок ал кызматтан чегинерин так кесе айткан жок. Кокус ал мындай кадамга барса, өлкөдө өкмөт түзүү менен байланышкан саясий туңгуюктан чыгууга жол ачышы ыктымал. Бул аралыкта Ирактын жаңы парламенти кечээгиге белгиленген жыйынын ишембиге чейин токтотту.

Ибрагим ал - Жафаари эми жаңы өкмөттү да башкарышына күрд жана суннит партиялары каршы. Кызматтан кетүү чакырыктары анын дарегине шийит саясатчылары арасынан да айтылган.

XS
SM
MD
LG