Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Президент администрациясы : Атамбаев өнөр жайды өнүктүргөндүн ордуна саясатта жүргөндү артык көрөт


Атамбаевдин билдирүүсүнүн соңунан көп узабай эле анын отставкасы жөнүндө Президент администрациясынын көз карашы да коомчулукка белгилүү болду. Мамлекет башчынын пресс-кызматы таркаткан билдирүүдө Атамбаевдин кызматтан кетип жатканында күтүлбөгөн, сенсациялык эч нерсе жок деп айтылат. Мындан эки жума мурун Президент Курманбек Бакиев өкмөт мүчөлөрүнө партиялык ишмердикти токтотуп бүтүндөй өлкөнү кыйынчылыктан алып чыгуу ишине катышуу же кызматын өткөрүп берип, биротоло партиялык саясат менен алектенүү жөнүндө талап койгон. Атамбаев буга жооп кылып, өндүрүштү көтөрүүнүн ордуна партиялык ишмердикти артык көргөнүн билдирип отурат. «Өкмөттөгү жооптуу участокту-өнөр жай, соода жана туризм министрлигин бул тармактагы тажрыйбасына ишенип, март революциясындагы эмгегин эске алып мамлекет башчы анын дал өзүнө ишенип тапшырган. Бирок, бул ишеним четке кагылды, министр Атамбаев аягында өзүнүн жоругуна саясий боек бериш үчүн эшикти «тарс» жаап кетти»,-деп баса белгилейт Президенттин басма сөз кызматы.

XS
SM
MD
LG