БИШКЕК. Балыкчылык шайлоочулардын атынан келген төрт өкүл бүгүнкү маалымат жыйынында эл Боршайком төрагасы Туйгунаалы Абдраимовго нааразы экенин айтып, Рысбек Акматбаевге мандат берилбесе шайлоочулар конституциялык укуктарын коргоого даярдыгын билдиришти. 9-апрелдеги парламенттик шайлоодо Рысбек Акматбаев 75 пайыз добуш менен жеңишке жеткен. Бирок БШК Бишкек шаар соту аталган талапкерге байланышкан кылмыш ишти карап бүтө электигине негиздеп, аны депутаттыкка каттоону убактылуу токтоткон.