БИШКЕК. Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов бүгүн Бишкектеги маалымат каражаттарынын жетекчилери менен жолугушту. Суроолорго жооп берип жатып төрага өлкөдө кырдаал татаал экенин, бийлик менен оппозиция 29-апрелдеги митингге дейре компромисске келиши зарылдыгын белгиледи. Марат Султановдун жүйөөсүндө, эгер тил табышуу болбосо, митингди уюштурган саясатчылар баштаган ишине ээлик кыла албай, аны башка күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн.