Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Иран маселеси боюнча АКШ менен Орусиянын пикири ар башка


Иранга каршы эл аралык чектөө киргизүү сунушуна Орусия кечээ күнү дагы бир жолу каршы чыкты. Ал тууралуу Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары Николай Спасский билдирди. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик 28-апрелде Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине Иран боюнча отчет берет жана АКШ менен Улуу Британия Иранды эл аралык саясаттан обочолонтууну сунуш кылууда. Андан тышкары Вашингтон Маскөөгө кайрылып, Ирандын Бушер шаарында өзөктүк реактор куруусун токтотууга чакырды.

XS
SM
MD
LG