Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Непал падышасы өлкөдө демократия киргизүүгө аракеттенүүдө


Непал мамлекетинин падышасы Гянендра кечээ күнү өлкөдө демократиялык түзүлүш киргизилет деп жарыялады жана Непалдын жети саясий партиясына кайрылып, аларды премьер-министр тандоого чакырды: "Биз бул жарыя аркылуу биздин колубуздагы аткаруучу бийликти бүгүндөн тартып элге берүүнү чечтик. Бул аракет Непал мамлекетинин 1990-жылы кабыл алынган Конституциясынын 35-беренесине ылайык жасалууда", - деп билдирди падыша. Гянендра мындан бир жыл эки ай мурда бийликке келгенден тартып өлкөдө каршылык аракеттер башталган, акыркы күндөрдө көчөлөргө он миңдеген адам чыккан. Падышанын кечээ күнкү жарыясынан кийин дагы эл тынчыган жок жана көчөгө чыккандар Гянендранын өлкөдөн чыгып кетишин талап кылууда.

XS
SM
MD
LG