Италиядагы парламенттик шайлоодо жеңип чыккан солчул коалициянын жетекчиси Романо Проди жаңы өкмөт түзүү аракетинде. АКШ президенти Жорж Буш кечээ күнү ага телефон чалып, жеңиши менен куттуктады. Өлкөнүн соту 19-апрелде Продинин жеңиши мыйзам чегинде болгонун тастыктады, бирок мурдагы премьер-министр Силвио Берлускони жеңилгенин эмгиче тааныбай жатат.