БИШКЕК. Кыргыз парламенти мындан ары жыйынга себепсиз катышпаган депутаттардын тизмесин маалымат каражаттары аркылуу элге жарыялап турмакчы. Ага акыркы күндөрдө парламентте кворум болбой, иш үзгүлтүккө учурап жатышы себеп болду. Айлык-маяналарын кыскартуу сыяктуу ыкмалар көпчүлүк депутаттарга эч кандай таасир этпегендиги үчүн эл өкүлдөрү жыйынга катышпаган кесиптештеринин аты-жөнүн коомчулукка ачык жарыялап туруу чечимине келишти.