Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Каракулжа менен Өзгөндүн акимдери ордунда калды


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев Курманбек Байтерековду Кочкор, Үсөнбай Абдраимовду Өзгөн, Жаңыбай Асрановду Каракулжа райондоруна акимдикке дайындаган буйруктарга кол койду. Өзгөн жана Каракулжа райондоруна дайындалган акимдер буга чейин эле ушул орундарда иштеп келишкен. Бирок өткөн жуманын соңунда президент аларды бошотуп, аталган райондордун башчыларынын милдетин аткаруучулукка башка адамдарды дайындаган. Ал жергиликтүү калктын нааразылыгын пайда кылып, март ыңкылабына катышкан акимдерди ордунда калтыруу талабы менен чыгышкан. Жаңыдан түзүлгөн райондук кеңештер президент сунуштаган талапкерлерди колдобой, эски акимдерди ордунда калтырышкан.

XS
SM
MD
LG