БИШКЕК. Бүгүн президент Курманбек Бакиев Орусияга ырасмий сапар менен жөнөп кетти. Мамлекет башчы президент Владимир Путин, премьер-министр Михаил Фрадков баштаган ырасмий адамдар менен жолугушат. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы өз ара саясий мамилелер, соода-экономикалык кызматташтык, маданий байланыштар боюнча сүйлөшүүлөр болот.