Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:49

ПЬЕР ДЕРОШЬЕ: ТЫШКЫ КАПИТАЛ УКУК КОРГОЛГОН ӨЛКӨГӨ БАРАТ


Кыргызстан күнкорсуздуктун 15 жылында 2 миллиард доллардан ашуун тышкы карызга батып, бул карыздар азыр экономикага оор жүк болууда. Өндүрүштү алга жылдыруу үчүн казынада каражат тартыш. Экономика алга козголтуу үчүн тышкы жардам маанилүүбү же тышкы капиталды тартуу керекпи? Канадалык илимпоз Пьер Дерошье менен кабарчыбыз Амирбек Азам уулу уюштурган маек дал ушул маселеге арналат. Торонто университетинин доценти Пьер Дерошье экономикалык өсүүнүн негиздерин, эл аралык сооданы жана инвестициялык чөйрөнү изилдеген окумуштуу.

-Өнүгүү жолундагы жана ички финансылык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдүн өнүгүүсү үчүн сөзсүз эле тышкы инвестиция менен бакубат мамлекеттердин жардамы керекпи? Өз күчүнө таянып, экономикасын өнүктүрүү мүмкүн эмеспи?

-Экономикалык саясаттын негизинде эки көз караш: тышкы жардам, чет өлкөлөрдүн чоң өлчөмдөгү инвестициясыга таянуу же экономиканы, анын ичинде тышкы сооданы либералдаштыруу жатат. Эгерде биз ырасмий маалыматтарга кайрылчу болсок, акыркы он- жыйырма жыл ичинде чет өлкөлөрдүн жардамына таянбастан, экономиканы жана сооданы кеңири либералдаштырган мамлекеттер өнүп-өскөнүн көрөбүз. Мисалы, Гонконг, Сингапур, Тайван. Түштүк Кореяны, же Кытайдын өзүнүн акыркы жылдары жетишкен ийгилигин алсак, алардын экономикасынын дүркүрөп өсүүсүндө тышкы жардам жалчыбаган эле роль ойногон.

Ырас, бүгүн Кытайда тышкы инвестиция көп болууда жана ал экономикалык өсүүгө олуттуу салым кошууда. Мен билгенден Кытайдагы өзгөрүүлөр Ден Сяопиндин Сингапурга баруусунан башталган. Ал Сингапурдун Кытайдан алда кайда озуп кеткенин, элдин жашоосундагы чоң айрыманы көрүп, жаакка чапкандай болуп, эси эндирей түшкөн. Ошондон кийин Кытайдын жээгинде атайын соода аймагы түзүлгөн. Ал мезгилде Гонконг жана Тайван өндүрүштү кеңейтүү үчүн арзан жумушчу күчүнө муктаж эле. Кытайдын өнүгүүсүнө Гонконг, Тайван, Сингапурдай эркин экономикалуу өлкөлөргө босоголош болгону да өтө чоң түрткү берген. Мурдакы советтик жумурияттар жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө мындай коңшулары болгон жок.

Ал эми Түштүк Африканы алсак, табигый ресурстарга бай болуп, тышкы жардамды Гонконг, Япония, Тайванга караганда бир кыйла көп алганы менен, алардай чоң ийгиликке жетпеди. Деги эле акыркы 10-20 жылда Африка өлкөлөрүнүн өсүшү төмөндөдү. Тарых биз ойлогондон катаал нерсе.

-Сиз тышкы жардам ар дайым эле күткөн натыйжаны бербейт, экономикалык өсүү үчүн күчтүү өлкөлөргө коңшулаш болуу да чоң мааниге ээ дедиңиз. Өкмөт өзү өнөр жайдын өсүүсү үчүн ишкердикке кандай шарт түзүп берүүсү зарыл?

-Менин оюмча, сооданы эркин койо берүү экономиканы алга жетелейт. Андан тышкары тийиштүү бийлик институттары менен өндүрүштү кызыктыруучу стимулдун болушу, адамдардын ишмердүү жана демилгелүү иштөөсү үчүн эркиндик кенен берилиши зарыл. Ошондо жакшы ийгиликке жетүү мүмкүн. Канча дегенде да чет элдик жардам андай күчкө ээ эмес. Мындан бирок көпчүлүк өлкөлөр сабак алышпагандай.

Мисалы, Бириккен Улуттар Уюмунун “Миң жылдыктын өнүгүүсү” программасынын үстүнөн иштеген Жеффри Сакс ар убак экономикалык өсүш үчүн ири капитал жана чоң план зарыл экенине өзгөчө басым жасайт.
Өнүгүп бараткан өлкөлөрдөгү бийлик адамдарынын арасында да- экономикалык системаны өнүктүрүүнүн ордуна- өз кызматын актоо жана саясат үчүн- жеке бизнесинин кызыкчылыгын көздөп, өнүккөн өлкөлөрдүн жардамына ашыкча маани бергендери көп.

Жеффри Сакс же поп-ырчылар жана аларга окшогон адамдар ташбыйкаттаган чоң пландарды колдоочулар өнүгүп бараткан өлкөлөрдөгү аткаминерлер арасында күчтүү экенинен күмөн санабайм.


-Бирок, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Батыш Европа өлкөлөрүнүн, айрыкча завод-фабрикалары катуу бүлүнгөн Германиянын экономикалык өсүүсүндө америкалыктардын Маршал планынын мааниси чоң го. Маршал планы тышкы жардамды натыйжалуу пайдалануунун мыкты үлгүсү ирети айтылып жүрөт. Бул иште Канада жана АКШ сыяктуу экономикасы мыкты өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасынан үйрөнчү эмне бар. Ушул жөнүндө кеп кылсак эмне дейсиз?

-Эмне үчүн тышкы жардам өтө популярдуу? Менин баамдаганыма караганда, адамдар Экинчи дүйнөлүк согушта кыйраган Батыш Европанын экономикасын калыбына келтирүүгө жардамдашууга багытталган Маршал планы жөнүндө үстүрт маалымат алышкан. Экономиканы башкарууну экономиканы кайра куруу менен салыштырып болбойт. Британия, жанагы Маршал планына ылайык, АКШдан Германияга караганда көп жардам алган. Бирок, 1950, 60, 70-жылдары Германиянын экономикалык өсүү ырааты Британияга салыштырганда мыкты болгон. Эгерде сиз анын себебине үңүлө карасаңыз, бүтүндөй экономиканы эркин койо берүү, өндүрүшчүлөрдү жана атуулдарды колдоп-кызыктыруу, алар өндүргөн товарлар менен баалуулуктардын көбүн алардын өздөрү каалагандай башкаруусуна шарт түзүү тышкы сооданы жандандырып, өсүүгө түрткү болоорун көрөсүз.

Ал эми тышкы жардам менен чет элдик инвестицияны көп товарларды тыш жактан экспорттогон аз сандагы өлкөлөр көзөмөлдөп турат. Товарларды экспорттоодон өлкөгө чоң капитал түшүп турса, тышкы жардам жетерлик иштебей калат. Мунун өзү эркин соода чоң натыйжа берээрин жана ийгиликтүү иштээрин күбөлөйт.

Жалпысынан алганда Канада, АКШ, Австралия жана мурда Британиянын оторчулугунда болгон көпчүлүк өлкөлөр адегенде капиталды импорттоодон өсүшкөн. Ал кезде тышкы жардам болгон эмес. Британия каражатты Канадага көп салган жана глобалдык экономиканын бир бөлүгү болгон Канадада чет элдик капиталды каалаган учурда чыгарып кеткендей шарт болгон. Эркин экономиканын шартында инвесторлор акчасын коопсуз, жергиликтүү өкмөт аны тартып албагандай же коргогон жайларга салышат.

АКШда 19-кылымда жана 20-кылымдын башында тышкы капиталга таянып өскөн. Инвестиция экономикалык өсүүгө чоң дем берген. Чет элдиктер Биринчи дүйнөлүк согуштун аягына чейин АКШга өтө көп акча салышкан. Анткени, өлкөдө инвесторлордун акчасы жакшы корголгон.

-Демек, сиздин айтканыңызга караганда, өнүгүү жолундагы же экономикалык жактан али жетилип, кубатына толо элек өлкөлөр тыштан капитал таркысы келсе, эң алды инвесторлордун укугун коргоосу зарыл турбайбы?

Өнүгүү жолундагы өлкөлөр дагы бир нерсени унутпашы керек. Улуттук өкмөттөр экономикалык мүмкүнчүлүк үчүн шарт түзүп, чет жерлик инвесторлор өлкөдө өздөрүн коопсуз сезишсе, жергиликтүү жемкор чиновниктердин кысмагына кабылышпаса, салган акчасын өлкөдөн эркин чыгарып кете аларына ишенишсе, соода эркиндигине кеңири жол коюлса, мындай жагдайда тышкы инвесторлор мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбаганга умтулушат.
Андан эки жаң тең- жергиликтүү эл да, чет элдик инвесторлор да утушта болот.

-Сөз аягында, Кытайдын бүгүнкү экономикалык ийгилинин башатында жаткан эркин экономикалык аймактар (ЭЭА) жөнүндө кеп кылалы. Кыргызстанда да күнкорсуздуктун алгачкы жылдары бир нече ЭЭА түзүлгөн. Ушундай эркин экономикалык аймактардын иши канчалык натыйжалуу деп ойлойсуз?

-Эркин экономикалык аймак Гонконгдо оболу 1950-60-жылдары түзүлүп, бул аймакта бажы салыгы төлөнгөн эмес. Адамдар акчага каалагандарын жасоого, аны өнүмдүү инвестиялоого мүмкүндүк алышкан. Гонконгду башкарган Британиялык акимият да коррупциядан таза болгон. Ирландия жана башка Европа өлкөлөрүндө, Кытайдын өзүндө жана башка жерлерде Гонконг үлгү катары алынды. Кытайдын өсүп-өнүгүүсүндө, тышкы базарда баасы жагынан өтүмдүү товарларды сатуудагы артыкчылкка жетишүүсүндө арзан жумушчу күчү да чоң роль ойноду.

Эркин экономикалык аймакта шарт жана мыйзамдар жергиликтүү өкмөттөр тарабынан бекем сакталышы ылаазым. Арзан жумушчу күчүнө кызыгып, аймакка капитал салган чет элдиктер жергиликтүү бийликтин киришүүсүнөн эркин болушу керек. Бирок, экономикалык өсүү үчүн аба же деңиз портторун, айрым тилкени эркин соода аймагына айлантуу жетишсиз. Жалпы экономика, эмгек жана финансы рыногу эркин болмоюнча, өлкөдө ырааттуу өсүш болбойт. Тарыхый жактан алсак да, эркин экономикалык аймак өнүгүүгө мүмкүнчүлүк бергени менен, бүтүндөй өлкөгө таасири чектелүү болот.

Ирландияда өткөн кылымдын 50-жылдары эркин экономикалык аймактар түзүлгөнү менен, 80-жылдары экономика эркин койо берилгенге чейин чоң жылыштар байкалган эмес.

XS
SM
MD
LG