Өнөр жай, соода жана туризм министрлик кызматынан отставкага кетээрин жар салган Алмаз Атамбаев бүгүн «Реформа үчүн» кыймылынын тең төрагалыгына шайланды. Бүгүнкү маалымат жыйынында Алмаз Атамбаев 29-апрелде боло турган митингге каршы бийлик ар кандай ыплас ыкмаларды колдонуп жатканын билдирди. Маселен, Атамбаев Москвадан курал-жарак сатып келиптир деген сөз тараган. Ал эми революциялык кенештин төрагасы Эсен Сагынбаев «Кабар» агенттигиндеги бүгүнкү маалымат жыйынында Текебаев баштаган саясатчылардын аракетин элдик ыңкылапка каршы чыгуу катарында баалады.