Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:28

Бермет Акаева казак- кыргыз чегинде кармалып, суракка алынды


БИШКЕК. Кечээ Улуттук коопсуздук кызматы экс- президенттин кызы Бермет Акаеваны кармап суракка алышты. Аны кечки саат сегиздерде Казакстандан Кыргызстанга кирип келаткан жеринен Акжол бажыбекетинен кармашкан. Ал жакындарына карата козголгон кылмыш иштер боюнча суроолорго жооп берди. Адвокат Максим Максимович билдиргенге караганда, сурак берүү аяктагандан кийин Берметти түнкү саат 12ден өткөндө койо беришккен. Ал бүгүн маалымат жыйынын берип Кыргызстандагы бийлик алмашуу тууралуу жазган китеби менен тааныштырат.

XS
SM
MD
LG