Шри Ланканын борбору Коломбо шаарындагы аскерий шаарчада бир жан кечти өзүн өзү жардырып жибергенден сегиз адам өлүп, дагы 27 киши жараат алды. Жарадар болгондордун арасында бир генерал да бар. Өлкөнүн өкмөттүк күчтөрү кечээ күнү дароо тамил козголоңчулары жашынган аймактарды абадан жана деңизден бомбалады. Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан тараптарга кайрылып, аларды тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүүгө чакырды.