"Кызыл чырым" уюмунун президенти Якоб Келленбергер кечсээ күнү Женева шаарынан билдиргенге караганда, Куба аралындагы Гуантанамо базасында кармалган адамдарды АКШ аскерий туткундар деп тааныбаганы көптөгөн маселе жаратууда. Анткен менен, Келленбергердин айтымында, акыркы төрт жылдын ичинде базадагы туткундардын жашоо шарттары бир кыйла жакшырды.