БИШКЕК. Чүйдүн Москва районундагы сегиз бейөкмөт уюмдун башын бириктирген «Болуш» ассоциациясынын өкүлдөрү президент шайлоо алдындагы убадаларын аткарбай жатканы үчүн 29-апрелде болуучу митингди колдой тургандыгын билдиришти. Ага удаа эле бир катар жаштар уюмдарынын өкүлдөрү өлкөгө туруктуулук зарылдыгын, мындай митинг, жөө жүрүштөр кырдаалды курчутууга алып келээрин айтышып, жаштарды ага кошулбоого чакырды. Ал эми «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев бүгүнкү маалымат жыйында «оппозициялык күчтөр мамлекеттик төңкөрүштү көздөөдө», деп айтты.