Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Кумтөр алтын ишканасынын бир кызматкерин кар көчкү басып калды


БИШКЕК. Кечээ күндүзгү саат ондордо Кумтөр кенинен 48 чакырымдай аралыктагы Сарымойнок ашуусунда кар көчкү жүрүп, аталган ишкананын электрик байланышчысы Владислав Кубко көчкү астында калды. Кумтөр компаниясынын маалыматына караганда, анын жанындагы шериги Михаил Митрафанов көчкүдөн кутулуп калууга үлгүргөн. Алар ретрансляторго оңдоп-түзөтүү иштерин жүргүзүү үчүн бараткан. Учурда издөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG