Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Сот «финансисттер иши» боюнча айыпталуучулардын баарын актады


БИШКЕК. Биринчи май райондук соту «алардын кыймыл аракетинде кылмыш курамы жок, алар президентке берилген акчанын Баткен окуясына жумшалбай калышын билген эмес» деген чечим чыгарды. Каржы тармагында иштеген мурдагы бир катар жетекчилерге Баткен окуясынын учурунда экс-президент Аскар Акаевге мамлекет эсебиндеги 420 миң долларды мыйзамсыз берген деген айып койулуп жаткан. Мамлекеттик айыптоочу буга дейре соттон Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановду, Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловду жана мурдагы каржы министри Султан Медеровду 12 жылга кесүүнү сураган эле. Ал сотттун мындай чечимине каршы экенин, шаар сотуна апелляциялык арыз жолдоорун айтууда.

XS
SM
MD
LG