Шри Ланканын түндүгүндө жашаган миңдеген адам өз үйлөрүн таштап, башка аймактарга качууда, анткени өкмөт эки күндөн бери ал аймактарды абадан бомбалап жатат. Ал жерде "Тамил илама" аттуу оппозициялык кыймылдын жоокерлери жашынган жана ал кыймылдын мүчөсү мындан үч күн мурда өзүн борбор калаа Коломбодо жардырып жибергенден он адам курман болгон. Бомбалоолордон дагы он киши өлдү.