Минск шаарында кечээ күнү Беларус оппозициясы Чернобыл алааматында курман болгондорду эскерген митинг өткөрдү жана ага бир нече миң адам катышты. Чогулгандарга кайрылып, оппозиция жетекчиси Александр Милинкевич - бийликке каршы күрөш тынчтык ыкмалары менен улантыла турганын билдирди. Полиция митингчилерди Минсктин борбордук аянтына өткөргөн жок, Милинкевичке болсо эскертүү жасалды.