Ирактын Насирия шаарында кечээ күнү бомба жарылгандан бир италиялык жана бир румыниялык аскер курман болду. Ал үчүн жоопкерчиликти өзүнө эки башка уюм алды, алардын билдирүүлөрү интернетте жарыяланды. Багдад шаарында болсо кечээ күнү белгисиз адамдар өлкөнүн вице-президенти Тарик ал-Хашеминин карындашын жана анын сакчысын өлтүрүп кетишти. Апрелдин башында Хашеминин бир иниси да өлтүрүлүп кеткен.