Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

АКШ мамлекеттик катчысы кайрадан Иранга каршы чара көрүүгө чакырууда


Болгариянын борбору София шаарында өтүп жаткан НАТО мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынында АКШ мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс кечээ күнү дагы бир жолу Бириккен Улуттардын Коопсуздук Кеңешине кайрылып, Иран маселеси боюнча чечкиндүү чара көрүүгө чакырды. Антпегенде, анын айтымында, Коопсуздук Кеңешине болгон ишеним жоголот. Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттик бүгүн Коопсуздук Кеңешине Иран боюнча отчет тапшырууга тийиш. Кытай менен Орусия болсо кечээ күнү - маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG