БИШКЕК. А. Атамбаев президент К.Бакиевге реформаны баштоо, кылмыш дүйнөсү менен мамилелеш чиновниктерден арылуу сыяктуу мурдатан айтылып келаткан талаптарды айткан. «Бирок президент дагы эле ойлонууда, эмне үчүн ойлонот билбейм, менимче, президенттин айланасына «баары жакшы, элдин баары ыраазы, бул 5-6 саясатчынын гана талабы» деген адамдар чогулуп алса керек. Бул президенттин буга чейинки билдирүүлөрүнөн да көрүнүп турат», - деп айтты Алмаз Атамбаев бүгүнкү маалымат жыйынында.