Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:34

Нарында тынчтык митингиси болду


НАРЫН. Бүгүн 29-апрелде Нарын шаарынын борбордук аянтында болгон тынчтык митингисине “Биримдик” аттуу коомдук башкармалыктын мүчөлөрү, айрым саясий партиялардын өкүлдөрү катышышты. Топтолгон отуздун айланасындагы адамдар Кыргызстандын гүлдөшү үчүн демократиялык реформалардын болушун кубатташып, өлкөдө коррупция гүлдөп, кылмыш дүйнөсү коомчулуктун бакубат жашоосуна терс көрүнүштөрдү алып келип жаткандыгын белгилешти. Бир сааттан ашык убакыт жаанда сөз сүйлөгөндөргө шаар кеңештин төрагасы, шаар акиминин орунбасары жана мэриянын аппарат башчысы катышып, сөз сүйлөштү. Жыйындын катышуучулары атайын кайрылуу кабыл алышты.

Бул күнү облустук, шаардык жана Нарын райондук мүлдө мекеме-уюмдарынын кызматкерлери Нарын каналын тазалоого ишембиликке чыгарылды

XS
SM
MD
LG