Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

АКШ менен Британия Иран тарабынан өзөктүк программалардын токтотулушун талап кылышат


АКШ менен Британия өзөктүк долбоордон баш тартуусун талап кылып Иранга дипломатиялык кысым жасоону улантаарын билдиришти. Эки өлкө Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешин Иран боюнча атайын резолюция кабыл алганга чакырмакчы. Алар Коопсуздук кеңешинен Иран уран байытууну токтотсун деген талап коюлган чечимдин чыгарылышын өтүнүшөт. АКШ президенти Жорж Буш Иранда өзөктүк курал долбооруна каршы өлкөлөрдүн коалициясы түзүлүп жактандыгын билдирди.
-“Дипломатиялык жараян эми гана башталып жатат. Биз Иранда өзөктүк курал болушуна каршы өлкөлөрдүн кубаттуу коалициясын түзүп жатабыз. Мен америка элине дипломатиялык ыкма менин башкы тандоом экенин айттым”, – деди президент Буш.

XS
SM
MD
LG