Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Улуттар уюмуна мүчө өлкөлөр Иран маселеси боюнча орток пикирге келишкен жок


ИТАР-ТАСС агенттигинин бүгүн маалымдашынча, Россия менен Кытай Иранга карата кандайдыр бир санкцияларды киргизүүнүн зарылдыгы жок деген көз карашты карманууда. Бириккен Улуттар Уюмундагы Россиянын өкүлү Константин Дроздов Иранга карата кандайдыр бир санкцияларды киргизүүгө жүйөлүү себептер жок деп маалымдады. Улуттар Уюмундагы Кытайдын өкүлү Уонг Гуангя да, Иранга карата санкцияларды же аскердик чараларды колдонуу өзөктүк маселени чечүүгө көмөктөшпөйт деген пикирин маалымат каражаттарына билдирди. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө өлкөлөр Иранга карата анын өзөктүк программалары үчүн санкцияларды киргизүү маселесинде орток пикирге келген жок. Коопсуздук Кеңештин беш мүчөсү – АКШ, Британия, Россия, Кытай жана Франция, ошондой эле Германиянын өкүлүнүн катышуусунда Иранга байланыштуу жагдайды 9-майда талкуулайт.

XS
SM
MD
LG