Кыргыздардын байыркы урма музыкалык аспаптарынын бири – доол. Ал баатырдык “Манас” эпосунда:
Кол канжыга башына
Бирден доол байлатып
Билериги – баары алтын
Чагарагы – сары алтын.
Сары алтынга сапталган
Пил териси каптаган,
Чымын тийсе чынк эткен.
Чыбык тийсе кадимки,
Мылтык аткан эмедей,
Кулак тунуп заңк эткен
Курбусу алтын көк доол
Кол канжыга көмкөрүп,
Аркасына бөктөрүп – делип, сүрөттөлгөн. Доолдун тулкусу жезден, мистен жасалат. Жалпы турпаты тулга түрүндөгү тулкудан турат. Анын тегерек бетине жаргак тартылат. Аспаптын жазылыгы 40-50 мм. Доол табылгыдан жасалган тоголок баштуу таякча менен уруп ойнолот. Доолду ат үстүндө, жөө жүргөндө алып, асынып жүрүү үчүн тулкусунун сыртына кайыштан жазы боо тагылат. Доолдо обон, кара күүлөр аткарылбайт. Ал дагы башка урма аспаптардай эле керней, сурнай, добулбас чоорлорго кошулуп ойнолот. Доол негизинен жоого аттанганда, аларды жеңгенде, аш, тойлордо, кадырлуу меймандарды тоскондо, колду чогултууда, кабар берүүдө ж.б. көрүнүштөрдө бир эле эмес, бир нече доол ансамблдешип аткарылган. Ал негизинен кабар берип, кабар айтуучу аспаптан экени Орго кан Манаска каршы согушка аттанаарда:
Чапкынчыны чаптырып,
Чилмарданды кактырды,
Ордого доол согулду
Орго кандын үстүнө
ойроттун баары чогулду” – деп, сыпаталган.
Азыр жалгыз ойнолгон доолдун добушу менен таанышып коюңуздар.
Баатырдык “Манас” эпосунда урма музыкалык аспаптын дагы бири – дап. Ал негизинен какма, үйлөмө, урма музыкалык аспаптар менен коштолуп аткарылган. Дап “Манаста”:
Керней тартып бапылдап,
Дап согулуп дапылдап.
Сурнайдын үнү такылдап,
Чилмардан кагып шакылдап – делип сүрөттөлөт.
Даптагы жакынкы жана Орто Чыгыш өлкөлөрүндө жашаган элдерге кеңири тараган аспаптардай эле жортуулдарда, салгылаштарда, салтанаттарда башка аспаптар менен кошулуп ойнолгон. Дапты бакшыларда ак урууда, күндү жаадырууда колдонушкан. Даптын тулкусу тегерек алкактан турат. Анын үстүнө тери тартылат. Алкагынын тегерегине шыгырата темир шакекчелер илинет. Даптын диаметри 50дөн 60 сантиметрге чейин. Добушту алуу, чыгаруу силкилдетип титиретүүдөн жана тери тартылган алкагын алакан менен ургулоо, чапкылоо аркылуу алынат.