Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:52

Эмгекчилер өздөрүнүң эл аралык күнүн кеңири белгилешти


Орусиядагы өкмөт уюштурган жана өз алдынча өткөн демонстрацияларга миллиондон ашык киши катышты. Берлинде кесиптик кошуундардын он миңдеген мүчөлөрү социалдык жыргалчылыктарды кыскартпоого чакырышты. Беларуста 1 миңдей киши оппозиция лидери Милинкевичти абактан бошотууну талап кылшыты. Түркиянын ар кайсы жерлеринде 85 киши камакка алынды. Жапанияда 40 миңден ашык адам социалдык теңсиздиктин тереңдеп баратышына нааразылык билдиришти.

Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG