Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

МАМЛЕКЕТТИК АКЦИОНЕРДИК ИШКАНАЛАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН ДАЙЫНДОО ПРЕМЬЕРДИН КОЛУНА ӨТТҮ


Кыргызстандын экономикасынын салмактуу бөлүгүн түзгөн мамлекеттик акционердик ишканалардын жетекчилерин дайындоо тартиби өзгөрүү алдында турат. Буга чейин аларды президент дайындаса, эми ал премьер-министрдин ыйгарым-укуктарына өтмөкчү. Бул чара коррупцияны кыскартып, мамлекеттик акционердик коомдордун ишинде ачыктыкты алып келиши мүмкүнбү?

Мамлекеттик акционердик коомдордун жетекчилерин дайындоонун жолун өзгөртүү боюнча жардыкка президент кол койгонун премьер-министр Феликс Кулов 29-апрелде митингиде билдирген. Бирок жардык ачыкка чыга элек. Президенттик администрациядан алынган маалыматка караганда, ал жарыялануу алдында турат жана анын күчү бардык мамлекеттик акционердик коомдорго тиешелүү болот.

Анын ичинде энергетика, газ, аба жолдору жана башка ири өнөр жай тармактары да бар. Жардык мамлекеттик акционердик коомдорду башкарууда кандай өзгөрүүлөргө алып келиши ыктымал? Ушундай суроо менен бир катар акционердик коомдордун өкүлдөрүнө кайрылганыбызда, алар документ менен тааныша электигин айтышты. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Жантөрө Сатыбалдиев президенттин жардыгына карата мындай пикирин билдирди:

-Мен ойлоймун, бул чечим президент тарабынан туура кабыл алынды. Себеби, өкмөт деген Кыргызстандагы экономикага, элдин жашоо-шартына түздөн-түз жооп бере турган болуш керек. Ошондуктан бул чечимди туура деп эсептеймин. Андан сырткары өткөндөгү митингиде айтылган он талаптын бири ушул болчу.Ошондуктан бул туура эле чечим болду.

Ал эми мындай өзгөрүү коррупциянын кыскарышына шарт түзөбү деген суроого Сатыбалдиев минтип жообун берди:

-Бул эми премьер-министрдин саясий эркине жараша болот. Эгерде саясий эрки жетиштүү болсо тазалоого мүмкүнчүлүк берилүүдө. Өкмөт башчы кадрдык чечимдерди кабыл алууга, экономикалык-финансылык ишмердүүлүгүн текшерүүгө толук мүмкүнчүлүк алат.

Ушундай эле маанайдагы суроо менен Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Орозбек Дүйшеевге кайрылганыбызда, анын жообу мындай болду:

-Бул туура кадам болду. Дегеле энергетика тармагындагы мындай реформаларга каршы биз 1997-жылдан бери каршы күрөшүп келгенбиз.Бирок Акаевдер күч менен, эл аралык фондунун күчү менен реформанын эки этабын өткөрдү. Ал эмнеге алып келди? Көрүп турабыз.

Адистердин пикиринде, ири мамлекеттик акционердик коомдордун жетекчилерин дайындоо жана кызматтан алуу демилгесинин өкмөт башчысына өтүүсү, алардын ишинде ачыктыкты алып келиши ыктымал. Анткени өкмөт өз кезегинде парламент алдында жоопкерчиликтүү. Ошондуктан мамлекеттик үлүшү жарымынан көптү түзгөн акционердик коомдордун ишин парламент аркылуу көзөмөлдөөгө да мүмкүнчүлүк ачылат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG