БИШКЕК. Бул тууралуу Германиянын Кыргызстандагы элчилиги бүгүн тараткан билдирүүдө айтылат. Анда уюшкан кылмыштуулуктун өлкөнүн саясий турмушуна аралашууга болгон аракетине тынчсыздануу айтылып, ага бардык мыйзамдуу жолдор менен каршы турууга, эркин демократиялык коомду курууга багытталган саясатты чечкиндүү түрдө улантууга кыргыз бийликтерине чакырык ташталган. Уюшкан кылмыштуулук өлкөдөгү саясий кырдаалга эле эмес, экономикалык абалга да олуттуу зыян келтирет деп айтылат бул билдирүүдө.