Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Президент парламентти таратып жиберүүгө чейин барышы ыктымал


БИШКЕК. Президент Курманбек Бакиев ортодо карама каршылыктар күчөй турган болсо, өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып парламентке карата чечкиндүү кадамдарга барышы ыктымал. Бул тууралуу мамлекет башчы кечээ өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда билдирди. Ушул эле жолугушууда президент 14 министрдин кызматтан кетүү тууралуу арызын четке какты. Мамлекет башчы кыска мөөнөттө министрлердин ишинен жыйынтык чыгаруу эрте экенин белгилеп, өлкөдөгү туруктуулук үчүн өкмөттүн толук курамында иштеши зарыл деп билдирди. 28-апрелде парламент тарабынан ишине начар баа алган вице- премьер Адахан Мадумаров баштаган министрлер кечээ кызматтан чегинүүгө арыз жазышкан.

XS
SM
MD
LG