Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:42

ӨКМӨТ КЕТТИ – КЕТКЕН ЖОК


Демократиялык күчтөрдүн 29-апрелге белгиленген жыйыны өттү. Реформаларды жандантуу тууралуу оппозициянын чакырыгын бийлик уктубу? Кыргызстанда конституциялык реформа ышкысынын күч алып баратышынын кандай себеп-жөнү бар?

Кийинки кездери кыргыз басылмаларынан түшпөгөн тема – 29-апрелдеги жыйын кудум шахмат талаасын элестетерин шаршембидеги «Республика» гезитинде Алымбек Биялинов жазды. Акаевчилер элдик ыңкылаптан кийинки К.Бакиев командасынын жүүнү боштугунан пайдаланып, эми кадимкидей жанданып, атүгүл коркпой-үркпөй эле жаңы бийликке «сес көрсөтө баштады» дейт макала автору.

А.Акаев өзү байма-бай маектерин чыгарып, кызы китеп, аялы кат жазып, А.Князев изилдөөсүн жарыялап, ага кошулуп 29-апрелде оппозиция элди көчө жыйынга чогултту.

К.Бакиев бийликке келгени саясий алыш-күрөшкө көп көңүл бурбай, үч жыл ичинде экономиканы оңдойм менен алек болууда. Бирок да революция саясий максат-мүдөөнү көздөп чыккан. Оппозиция деле экономиканын оңолуп кетишин каалабайт. Буларга саясий реформа керек. «Эгер сен саясатка баргың келбесе, саясат сени антишке мажбур кылат» деген ушул, деп жазат А.Биялинов.

Өкмөт мүчөлөрүнүн чогуусу менен кызматтан кетүү тууралуу арызын президент К.Бакиев кабыл албай койгону да ушул эле гезитте маалымдалган. Кийинки кездери аткаруу бийлиги менен мыйзам чыгаруучулардын ортосунда апачык тирешүү байкала баштады. Аны «Алга, Кыргызстан» фракциясына кирген депутаттар козутуп жатат. Президент өкмөт мүчөлөрүнүн арызын кабыл албай, эгер жагдай ушинтип кыйчалыштай берсе, парламентти таратуу укугун пайдаланууга аргасыз болорун билдирди, деп кабарлайт «Республика» гезити.

Парламент мүчөлөрү өкмөт кризисин чыгарышкан жокпу, деп суроо коет шаршембидеги «МСН» гезитинде журналист Лариса Ли. Депутаттар өкмөттүн ишин жалпысынан «үчкө» баалап, министрлердин көпчүлүгүнүн ишине ичи чыкпаганын билдирип, аткаруу бийлик жетекчилеринин ишмердигин добуш берүү менен аныктоону чечишкен.

29-апрелдеги жыйын эмени көрсөттү? Бул суроого журналист Вячеслав Тимирбаев жооп издеген. Жыйынды уюштургандар оголе көп адамды чоң аянтка алып чыгабыз деп чыгышты эле. Бирок да жыйынга «катышабыз» деп келгендерге караганда «көрөбүз» деп басып келгендер арбын болуп, күтүлгөн натыйжа чыккан жок, дейт макала автору.

Мунун себебине экинчи бир автор Л.Жолмухамедова токтолгон. Жыйын кандай максатта өткөнү табышмак бойдон калды. Аны «жаңы революция» же «кезектеги төңкөрүш» деген түшүнүккө алып барып такоо мүмкүн эмес. Андай болсо эмнеге, эмне үчүн чогулушту? Жыйын тынч өтөбү же жокпу деп уюштургандардан тарта бийликке чейин сарсанаа болгонучу, деп белгилейт Л.Жолмухамедова.

Гезитте парламент депутаты Арзыбек Буркановдун «Электрлампа заводунун айланасындагы окуялар – азыркы күндүн эң чоң алдамчылыгы» деген маегине да орун берилген. 2002-жылы Майлуусуудагы электр лампаларын чыгаруучу завод орусиялык инвесторго өтүп, ошондон бери кирешелүү ишкананын иши оңолбой, ушу тапта толук иштебей турат. А.Буркановдун ырасташынча, 40 миллион долларлык завод жарыбаган акчага сатылып кеткен.

Конституцияны дагы оңдоонун кандай кажаты бар? 1936-жылкы сталиндик Конституция, 1993-жылкы акаевдик Башмыйзамда адам укугу, сөз эркиндиги, жыйын өткөрүү сындуу жалпы адамзатка тиешелүү принциптер белгиленген. Бирок анын кандай сакталганы баарыбызга белгилүү, деп жазат Дмитрий Орлов «АиФ Кыргызстан» апталыгында.

5 жолку референдумдан, 3 жолку оңдоодон кийин коммунисттик партиянын тушундагыдай негизги мыйзам кабыл алынып, президент менен анын акимчилиги каалагандай башкарып тескей турган бийлик институту түзүлгөнүн ушул эле гезитте Т.Какчекеев белгилеген. Өкмөт башчы Ф.Кулов кеп мыйзамда эмес, өкмөттү ким түзүп, аны ким кызматтан алышы негизги мааниге ээ дейт.

Демократия жадагалса ички иштер кызматкерлерине да жайыла баштаганына шаршембидеги «Дело №» гезити токтолду. Журналист Алексей Костров Кыргызстандын ички иштер министринин орунбасарынын пикирин Ысыккөл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси четке какканын, дегеле уставда жок жосундун артында эмнелер турганын баяндаган.

Өкмөттүн ишине парламент кантип баалаганына «МК Кыргызстан» апталыгы да токтолду. Депутаттар өкмөттүн ишин «дурус» деп, бирок үч министрден башкасынын ишин «начар» деп баалашкан. Өкмөт мүчөлөрүнүн жообу отставка суроо, президенттин жайкоосу менен коштолду.
XS
SM
MD
LG