БИШКЕК. Ага жабырлануучу тараптын өкүлү Аскербек Алиев ден соолугуна байланыштуу бүгүнкү сот ишине катышпай калышы себеп болду. Рысбек Акматбаевдин тарапкерлери болсо сот ушинтип ишти атайын создуктуруп жатат деген пикирде. Рысбек Акматбаев баштаган топ милиция полковниги Чыныбек Алиевдин өлүмүнө шектүү деп айыпталууда. Бул ишти алгач Биринчи май райондук соту карап чыгып, актаган чечим чыгарган. Чыныбек Алиевдин бир тууганы мындай чечимге нааразы болуп, Бишкек шаар сотуна апелляциялык арыз жолдогон.