Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:01

5-МАЙ : МАДАНИЙ ОКУЯЛАР КҮНДӨЛҮГҮ


Айжан Шаботоева, Бишкек.

Бүгүн Т.Сатылганов атындагы улуттук филармонияда ак таңдай төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин туулган күнүнө карата эскерүү кечеси өтөт.
Коомчулуктун катышуусунда өткөн маданий иш чарада эл ырчысы Эстебес тобунунун ырчылары концерт беришет. Концертте Эстебес Турсуналиевдин дастандары, термелери ырдалат. Ошондой эле маркумдун неберелери да өнөрлөрүн көрсөтүшөт.

Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик сүрөт музейинде ачылган 2005-жылдын марты атттуу сүрөт көргөзмөсү бүгүн да уланат. Көргөзмөдө республикабыздагы сүрөтчүлөрүнүн эмгектери коюлат.

Ала-Тоо кинотеатрында биздин жеңишибиз тууралуу аттуу фестивалдын алкагында бүгүн «Жардыруучунун күндөлүгү» аттуу тасма көрсөтүлөт. Фильмдин башталышы кечки саат алтыда.

А.Малдыбаев атындагы опера балет театрында Эрнест Акрамов улуу жеңиш күнүнө арналган концертин берет. Концерт саат төрттө башталат.

Бүгүн ошондой эле Бишкекте Бешилик продюсердик борборунун Бешиликке беш жыл аттуу мааракелик концерти башталат. Концертте топту түптөгөн куудулдар Рысбек Жантөрөев, Тынар Абдразаков, Каныбек Разыков, Талант Анарбаев, Санжар Бердибековдор тамашаларын көрсөтүшөт. Аталган куудулдардын бири Тынар Абдразаковдун айтымында концерттеги айтылчу тамашалардын дээрлик баардыгы жаңы:-Концерттин башынан аягына чейин, келген көрүүчүлөргө жаңы тамашаларды тарттуулайбыз. Ал тамашаларды керек болсо өзүбүздүн куудул балдар да көрө элек. Беш жылдык маараке болгон соң, мына ушул жылдар аралыгында үйрөнгөн нерселерибизди элге көрсөтөбүз.

Концерт Кожомкул атындагы спорт ордосунда кечки саат жетиде башталат.Ушул эле майрамдык программа 12-майдан 17-майга чейин Ош шаарында өтөт. Андан соң Кыргызстандын башка аймактарындагы күйөрмандарына тартуулашат. Бешилик продюсердик борборунун куудулдары алдыда кино тартууну көздөшүүдө. Бул туурасында аталган борбордун жетекчиси Рысбек Жабиев кабарлады:-«Бешилик» продюсердик борбору алдыда эки долбоорду аткаралы деп турабыз. Алардын бири комедия жанрындагы кыска метраждуу тасма тартуу. Буйруса убакыт келгенде көрсөтөбүз.
XS
SM
MD
LG