Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

РЕФОРМАНЫ КОЕ БЕРГИЛЕЧИ!


Конституция дагы бир жаңыланары өткөн жылкы бийлик алмашуусунан кийин эле белгилүү болгон. Бирок да кечеңдеп бараткан реформа август айына чейин башталары ачыкка чыгууда. Аны комиссия төрагасы Азимбек Бекназаровдун кайрылуусу да ырастап жатыры.

Реформанын ордунан жылышына 29-апрелдеги чоң жыйын түрткү берди шекилдүү. Анткен менен «азыр чет өлкөлүк аналитиктер Кыргызстандагы абал 70% граждандык согуш кырдаалында турат дешет. Жаман жагынан Кудай сактасын, бирок жаман айтпай жакшы жок деген кыргыздын жакшы сөзү бар. Эгер жогор жактагы күчтөргө ортодогу күчтөр кошулуп кетсе, анын бетин ары кылсын. Өзгөчө жаштардын, студенттердин күчү», деп жазды жума күнкү «Кыргыз руху» гезити.

Басылмада парламент депутаты Дооронбек Садырбаевдин «Атажурт чайпалып турганын көрүп жүрөгүм канап турат» деген макаласы да жарыяланган. Экс-президент А.Акаевге кайрылып макала автору момундай чакырыгын таштайт: «анан Кыргызстанга таштап кеткен үзөңгүлөш шакирттериңдин бардыгын алып кет. Азыр сенин колуңдан бардыгы келип турган маалың. Эларалык кадыр-барк, эки жүз, үч жүз шакиртиңди муңдурбай багып ала турган чама-чарк дагы деле бар сенде».

Конституциялык реформа тууралуу «Жаңы ордо» гезитинде журналист Нургазы Анаркуловдун «Башмыйзам бардыгыбызга тең болобу?» аттуу макаласы чыкты. «Башмыйзам кайсы бир күчтөрдүн дымагы менен жазыла турган китеп эмес. Анын жазылышына бүткүл эл катышуусу абзел, ошондо гана элге кызмат кылат», деп жазат автор. Анын ырасташынча, конституциялык реформаны өткөрүүгө шашылбоо керек.

Ушул эле гезиттеги «Кыргыз элитасынын пейли оңолсо бутка туруп кетүү оңой» деген макаласында саясат таануучу Жолборс Жоробеков өлкөдөгү саясий кырдаалды талдоого алган. А.Акаевдин качып кеткенине ичи ачышып тургандар жаңы бийликти аянбай сындоого өтүштү. Алардын каржылык мүмкүнчүлүгү да жетиштүү. А.Акаев менен байланышын үзө элек байлардын көбү бийликте отурат. Президентти көзүнчө мактап, тымызын ага каршы иштегендер, акчанын арты менен өзүнө саясий упай топтогусу келгендердин өзүнчө бир тобу пайда болду, деп белгилейт макала автору.

Ушул эле темага «Кыргыз туусу» гезитинде Абдисалам Юлдашевдин «Бирөөнүн колу менен чок кармабагыла!», парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевдин «Митингдин жүйөөлүү себептери бар болчу» деген пикирлерине орун берилген. О.Артыкбаевдин айтуусунда, буга чейин бийлик реформаларды баштап коюшу керек эле. Бирок да ал кечеңдеп, көпчүлүктүн чыдамы түгөнүп баратат.

Аксакалдар сүйлөсө эле аларга «дүжүр» деген жарлыкты тагуу өнөрү чыга келди. Азыр аксакалмын дегендер менин балдарым менен тең. Бийлигиң да, оппозицияң да бири-бириңди угууга үйрөн, деп жазат профессор Муса Рыскулбеков жума күнкү «В конце недели» апталыгында.

Жума күнкү «МСН» гезити журналист Лариса Линин «Министрлер отставкага камданышты эле» деген макаласын жарыялады. Парламенттен начар баа алган өкмөт мүчөлөрү кызматын таштап кетүүсү тууралуу чогулуп арыз жазып өкмөт башчыга кайрылып, президентке кириши кезектеги саясий оюнбу же «пиар акциябы?» деп суроо коет макала автору.

Кыргызстандын саясий элитасы түндүк-түштүк болуп бөлүнүүчүлүктөн эмдигиче кутула албай келатканы Замир Өсөровдун «Митингичилик туңгуюгунан кантип чыгууга болот?» деген макаласында козголгон. Көпчүлүк чогулган чоң жыйындарда кайсы бир саясатчынын ойлонбой айтып койгон оосар сөзү тутана албай турган өрттү «жалбырт» эттирип тутандырып ийиши оңой эле. Саясатчылардын текши баары элдин атынан чыгып сүйлөгөндү, элге таянганды жакшы көрөт. Бирок да элдин өзүнүн пикири кандай, Бишкекте айтылган сөздүн баары эле түндүк-түштүктө бирдей кабылданабы – муну ойлогону аз, деп белгилейт макала ээси.
XS
SM
MD
LG