Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:31

Анжиян окуясынын бир жылдыгына карата Бишкекте митинг өтөт


БИШКЕК. Анжиян окуясынын бир жылдыгына карата 12-майда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында митинг өтөөрү күтүлүүдө. Жергиликтүү укук коргоочулардын демилгесинде өтө турган бул митингге жарандык коомдун өкүлдөрү, баш калкалап жүргөн өзбекстандык жарандар катышаары болжолдонууда. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын айтымында, митинг дүйнө коомчулугунун көңүлүн Анжиян окуясынын кесепеттерине буруу максатын көздөйт. Окуяны акыйкат иликтөөгө мүмкүнчүлүк берүүнү сураган кайрылуу Өзбекстандын президенти Ислам Каримовго жолдонот.

XS
SM
MD
LG