Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Прокуратура 420 миң доллардын доосу боюнча Бишкек шаар сотуна апелляциялык арыз жолдоду


БИШКЕК. Бул жөнүндө бүгүн Биринчи май райондук прокуратурасынан «Азаттыкка» билдиришти. Өткөн айдын соңунда Биринчи май райондук соту бул иш менен айыпталгандардын баарын актаган. Каржы тармагында иштеген мурдагы бир катар жетекчилерге Баткен окуясынын учурунда экс-президент Аскар Акаевге мамлекет эсебиндеги 420 миң долларды мыйзамсыз берген деген айып койулган. Мамлекеттик айыптоочу соттон Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбановду, Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Медет Садыркуловду жана мурдагы каржы министри Султан Медеровду 12 жылга кесүүнү сураган.

XS
SM
MD
LG