Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:33

Тымызын кызматтар тарабынан кысымга алынып жатканы жөнүндө укук коргоочулар Президентке арызданышты


БИШКЕК. «Кылым шамы» коомдук уюмунун башчысы, укук коргоочу Азиза Абдрасулова улуттук коопсуздук кызматынын жана ички иштер кызматкерлери тарабынан кысмактоого жана аңдууларга кабылды. Бул тууралуу «Жарандар коррупцияга каршы» укук коргоо уюму бүгүн өлкө президентине жолдогон кайрылуусунда айтылат. Анда аталган уюм президент бул ишти жеке көзөмөлүнө алаарына жана укук коргоочунун коопсуздугун камсыздоо аракеттери көрүлөөрүнө ишеним арткан. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова 29-апрелдеги митингдин алдында чын эле анын артынан аңдуулар болуп, коопсуздугуна коркунуч туулганын бүгүн «Азаттыкка» тастыктады.

XS
SM
MD
LG