Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:40

ИЗГИ ТИЛЕК, ИЛГЕРИ ҮМҮТ


Кыргызстандын быйылкы экономикалык өнүгүш ыраатын 8% жеткирүү демилгесинин ишке ашышы дагыле арсар бойдон калууда. Кескин экономикалык өнүгүштүн пайдубалы кыйла жылдык чымырканган эмгектин натыйжасында түзүлөт.

Өткөн жылдын көңүл жубантар жыйынтыгы Кыргызстандын экономикасы кургуйга кулап кетпей, мурдагы жылдын деңгээлине бираз жетпей сакталып туруп калышы болду окшойт. Элдик ыңкылапты ээрчий келген башаламандык президент шайлоодон кийин деле токтолго таппай, жаңы бийликтин оппоненттери быйыл деле саясий талап-мүдөөлөрдү байма-бай коюп, күн жылыганы көчө жыйындарын арбын өткөрүүгө ык коюп алды.

«Президент шайланып, өкмөт дайындалгандан кийин саясий кырдаал нугуна түшүп, негизги көңүл экономикалык маселелерге бурулушу керек, дейт Инэксимбанктын» директорлор кеңешинин төрагасы Данияр Үсөнов:

- Калган күчтөр бүт баары тынчышса. Болгону болду, бүт баары шайланды. Башка орун калбай калды. Жок дегенде, калгандары 4 жыл тынчып калса. Төрт жыл экономиканы оңдойлу. Эртең мененден кечке чейин саясат менен эле алышсак, тез арада оңолбойбуз.

Өкмөт экономикалык өнүгүүнүн стратегиялык багыттары катары энергетика, тоокен, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, кызмат көрсөтүү тармактарын аныктап, буларга өзгөчө үмүт артарын жашырбай айтып келатат. Энергетиканы каптап калган кризистин бу жылы оңунан чечилиши арсар. Өткөн жылы тармактагы коммерциялык, техникалык жоготуулар 40% бираз жете бербеген көрсөткүчтү түздү. Бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүү, эгемендик келгени курулушу токтоп калган «Камбарата – 1», «Камбарата – 2» ГЭСтерин аягына чыгаруу аракетин көрүүдө. Буга кошумча, кыйла жылдар айтылып келген Сарыжаз дарыясында ГЭСтер куруу идеясы дагы козголо баштады.

«Камбарата» ГЭСтеринин курулушун бүткөрүүгө чет эл инвестициясын тартуу мыйзамдык негизге барып такалат. Бүтпөгөн курулуштарды Нарын дарыясындагы улуттук байлык эсептелген ГЭСтердин катарынан чыгарууга парламент көнөбү-жокпу – бул да азырынча белгисиз.

Экономика жана каржы министри Акылбек Жапаровдун айтуусунда, эгер саясий башаламандык эле болуп кетпесе быйылкы жылы мурда белгиленген максат-милдеттердин баары аткарылышы керек:

- Өкмөт бул жылы аткара турган иштердин конркет планын иштеп чыккан. Жыл башындагы натыйжалар көрсөтүп тургандай, өнөр жайдагы өсүш 12% чыгууда. Милдеттерди аткарганга болот, эгер саясий башаламандык баарын басып салбаса, коомдо туруктуулук сакталып турса президент койгон милдетти аткаруу мүмкүн. Президент ички дүң продуктту 8% көбөйтүү милдетин койгон.

Бирок да быйыл Кыргызстанда олуттуу экономикалык өнүгүү болушу арсар дейт «Дастан» акционердик коомунун директорлор кеңеш төрагасынын кеңешчиси Султан Табалдиев:

- Быйылкы жылы ишке ашпайт деп ойлойм. Эгер мамлекет башкарылып, башкарууга көнүп турса бир-эки жылдан кийин биз ошондой экономикалык өсүшкө жете алышыбыз мүмкүн. Быйыл андай болбойт. Бул жылкы убакты-саатыбызды митингдерде өткөрөбүз. Иштешке убакыт жок.

Султан Табалдиевдин ырасташынча, ушу тапта экономикалык ыкчам өнүгүү жолуна түшкөн өлкөлөр кыйла жылы туура багыт алып, чымырканган мээнет менен даярдык көрүп келишти. Тилекке каршы, Кыргызстанда андай экономикалык саясат жүргөн жок. Социализм заманынан калган ири ишканалардын беш манжа менен санала турганы гана сакталып, калганы сатылып, уурдалып-тонолуп жок болду. Ошондон кийинки кездери жаңы өкмөттүн президенттик милдетти аткарабыз убадасы Бишкектин башкы аянтындагы саясий жыйындардын ызы-чуусуна басылып калышы деле толук ыктымал.

XS
SM
MD
LG