Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:58

ЭКИНЧИ ДҮЙНӨЛҮК СОГУШТУН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ


Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын 11-сентябрында АКШнын Вашингтон жана Нью-Йорк шаарларына ири террордук аракеттер жасалгандан кийин президент Жорж Буш 2004-жылдын июнунда Американын Аскерий аба күчтөрүнүн академиясында сүйлөгөндө, Экинчи дүйнөлүк согуш сыяктуу эле, дүйнөлүк террорчулукка каршы азыркы согуш АКШга жасалган жүзү каралык чабуулдан кийин башталды деп билдирди. Ошентип америкалык президент - Экинчи дүйнөлүк согуш америкалык Пөрл-Харбор аскерий базасына жапониялык аскерлер 1941-жылдын 7-декабрында жасаган чабуулдан башталган деп эсептейт.

Экинчи дүйнөлүк согуш чындыгында 1939-жылдын 1-сентябрында башталган, анткени Алмания Польшага кол салганда, ал күнү немистерге каршы Улуу Британия менен Франция согуш жарыялаган. 1941-жылдын 22-июнунда Алмания СССРге кол салганда болсо советтик эл үчүн Улуу ата-мекендик согуш башталган. Тынч океандагы америкалык Пөрл-Харбор базасына болсо жапондор - согуш эки жыл үч ай жүрүп жаткандан кийин гана кол салган.

Андан тогуз ай мурда, 1941-жылдын мартында америкалык Конгресс ленд-лиз боюнча атайын мыйзам кабыл алып, согушуп жаткан Британия, Франция жана башка мамлекеттерге аскерий жардам көрсөтө баштаган, кийин ал жардамдын алкагына СССРда кирген. Советтер Союзу согушта колдонгон ар бир онунчу танк жана ар бир сегизинчи учак - Америкадан жардам катары келген.

Согуш учурунда курман болгондордун саны тууралуу да маалыматтар ар башка. Батыш мамлекеттеринин жоготуулары тууралуу так маалыматтар жарыяланып, дээрлик ар бир өлгөн адамдын аты-жөнү такталган болсо, СССР жана Кытайда канча адам курман болгону так белгисиз. Советтик жетекчилик алгач - согуш учурунда 20 миллион советтик жаран курман болгон деп жарыяласа, акыркы мезгилде 30 миллион тууралуу айтыла баштады, ал эми азыр Батышта көрсөтүлүп жаткан белгилүү тарыхчы Ричард Оверинин "Белгисиз согуш" деген даректүү тасмасында СССР 45 миллион адам жоготкон деп айтылат.

Курман болгон кытай жарандарынын саны дагы так белгисиз - үч миллиондон 15 миллионго чейинки сандар айтылууда, бирок жапониялык аскерлер жалгыз Нанкин шаарын эле басып алганда 100 миң адамды өлтүргөнү белгилүү. Согуш учурунда Польша жана Алмания төрт жарым миллиондон адам жоготкон, Жапония - эки миллион, Югославия - бир миллиондон ашык, Франция - 500 миң, АКШ - 405 миң, Британия 300 миң, Голландия 200 миң адам адам жоготкон. Калкынын жалпы санына салыштырганда, эң көп жоготууга Польша дуушар болгон - 15 пайызга жакын.

Согуштун эң негизги жыйынтыктары катары болсо - башка дүйнөлүк согуш болтурбоо максаты менен 1945-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлгөнүн атаса болот. Согуш учурунда кыйраган ар башка мамлекеттердин чарбасын калыбына келтирүү үчүн 1946-жылы Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта кору түзүлгөн. Андан тышкары, эгер мурда согушта жеңип чыккан мамлекеттер жеңилгендерге салык салып, контрибуция төлөтүп келген болсо, Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин АКШ "Маршалл планын" иштеп чыгып, жеңилген мамлекеттерге жардам көрсөткөн. СССР болсо ал планга кошулуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG