АКШнын соту тарабынан өмүрүнүн аягына чейин кесилген “Алкаида” уюмунун мүчөсү Закариа Муссуави өзүнүн мойнуна алган кылмыштарынан баш тартаарын билдирди. Ал Нью-Йоркто 2001-жылдын 11-сентябрында болгон жардырууга тиешеси бар деген күнөө менен соттолгон. Закариа Муссуави буга чейин ага коюлган күнөөлөрдүн ичинен алтоону өз мойнуна алган.