Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:01

“Рентонгруптан” күйгөн согуш ардагерлери өкмөткө жардам сурап кайрылды


БИШКЕК. Улуу Жеңиш күнүнүн алдында Рентон групп компаниясына акчасын алдаткан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери премьер- министр Феликс Куловго жардам сурап кат жазышты. Ушул компанияга алдаткан каражатын күтүп жүрүп 16 ардагер каза тапты деп жазышат. Рентонгрупп компаниясына 2003- жылы кылмыш иши козголгон, бул компания аманатчылардын 200 миллион сомго чукул каражатын кайтарып бериши керек. Алардын ичинде согуштун 90 ардагери бул компанияга ишенип баш аягы 8 миллион сом салышкан.

XS
SM
MD
LG