Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:06

АДАМ УКУКТАРЫ КЕҢЕШИНЕ МҮЧӨЛӨР ШАЙЛАНДЫ


Улуттар Уюмунун жаңы органына - адам укуктары боюнча кеңешке кечээ жаңы мүчөлөр шайланды. Кеңеште баары болуп 47 орун бар, ага 46 мамлекет кирди, бир орун бош калды. Бу кеңеш адам укуктары боюнча комиссиянын ордуна түзүлгөн эле. Комиссия быйыл 16-июнда ишин токтотот, андан үч күндөн соң жаңы шайланган кеңеш Женевада биринчи жыйынга чогулат.

Жаңы кеңешке мүчөлөрдү шайлоо Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында эки айлампада өттү. Кеңештеги 47 орунга 64 мамлекет талапкер болушту. Биринчи турда тийиштүү добуш алып, Африка менен Азиядан он үчтөн мамлекет, Латын Америкасы менен Кариб бассейнинен – сегиз, Батыш Европа менен Түндүк Америка тобунан – жети, Чыгыш Европа аймагынан беш өлкө кеңешке мүчө болуп кирди.

Азырынча бир орун бош калды,ага талапкер Румыния менен Словениядан кимиси кеңешке кирет - шайлоонун үчүнчү айлампасында – келерки шейшембиде аныкталат.

Экс-совет аймагынан кеңешке Россия,Азербайжан жана Украина шайланды. Чыгыш Европадан Чехия менен Польша,Батыш Европадан – Британия,Германия,Франция, Швейцария,Финляндия,Нидерландия, Түндүк Америкадан – Канада киришти. Кеңешке мүчө болгон азиялык өлкөлөрдүн арасында Кытай,Индия,Түштүк Корея,Япония жана башкалар бар.

Эң кызыгы - кеңешке адам укуктарынын абалы жагынан такай сынга алынып жүргөн Россия, Куба,Кытай,Сауд Аравиясы, Азербайжан, Пакистан жана башкалар шайланышты. Эл аралык укук коргоочу уюмдар,анын ичинде Human Rights Watch дал ушул мамлекеттерди жаңы органга мүчө болууга татыксыз деп аташкан эле.

Кеңеш эми адам укуктары боюнча комиссияны алмаштырат. Комиссия 1946-жылы түзүлгөн жана адам укуктары боюнча жалпы декларацияны даярдаган, анын кабыл алынышына жетишкен. Дүйнө жүзүндө адам укуктарын чыңдоо жагынан кыйла иштерди жасаган. Бирок акыркы он жылдыктарда анын составына адам укуктарын одоно жана системалуу түрдө бузуп жүргөн өлкөлөр шайланып калган, комиссияны алар өздөрүн дүйнөлүк коомчулуктун сынынан коргоонун калканчы кылып пайдалана башташкан. Мунун натыйжасында жалпы Улуттар Уюмуна,анын бүткүл системасына ишенич азайып, Кофи Ананн комиссияны таркатып,аны жаңы бир орган менен алмаштырууну чечкен болчу. Кеңеш түзүү идеясын Кошмо Штаттары колдогон эмес жана ага мүчө болуудан да баш тарткан.

XS
SM
MD
LG