Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:23

29-АПРЕЛДЕН 27-МАЙГА


Жеңиш күнүнөн кийинки чыккан гезиттерде майрамдык репортаждар, оппозиция менен бийликтин мамилеси, саясий темадагы макалалар арбын жарыяланды.

Оппозициянын тактикалык жүрүштөрүнөн майнап деле чыккан жок. Кыязы, анын олуттуу стратегиялык максаты, атүгүл иштеп кете ала турган жашырын кабинети деле жок сыяктуу деп жазды шаршембидеги «АиФ Кыргызстан» апталыгында Турат Акимов «Дагы эле түгөнбөгөн уруш» деген макаласында. Автордун ырасташынча, бийликтин деле оппозициядан ашып кеткен түрү көрүнбөй. Азыркы бийликке зирек саясий эрк жетишпей турат.

Кыргыз басылмаларында «1993-жылкы Конституция» кыймылынын жетекчиси Чоро Сарыпбековдун мурдагы президент А.Акаевди баш кылып, азыркы бийлик жетекчилерин кошуп сотко берүүсү тууралуу маалымат жарыяланды. Доочу Кыргызстандын Башмыйзамын саясий кызыкчылыкка садага чапкан бийлик жетекчилерин атып салууну, азыркы парламент төрагасын үч күнгө бурчка тургузуп коюу талабын коюп сотко кайрылган.

Кыргызстандагы бийлик менен оппозициянын мамилеси азырынча өз ара таарыныч, кыр көрсөтүүдөн ары кете албай, жалпы өлкө кызыкчылыгы үчүн майнаптуу жыйынтыкка келе албай жатышканы саясат таануучу Нур Омаровдун, укукчу Шейшенбек Байзаковдун, «Менин өлкөм» партиясынын координатору Галина Куликованын «АиФ Кыргызстан» апталыгындагы макалаларында козголгон.

«Белый пароход» гезитинде өкмөт башчы Феликс Куловдун «Конституциялык реформа болот. Бирок ал кандай болушу керек, кеп ушунда» деген маеги жарыяланды. Кыргызстанды экиге бөлүп аткан түндүк-түштүктү, ичара уруулук ажырымдыкты болтурбаш үчүн партиялык тизме менен парламент шайлоону өткөрүү керек. Парламентте көпчүлүк орунду ээлеген партия өкмөт түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу зарыл.

Эгер өкмөт түзүүгө бир партиянын күчү жетпесе башка саясий күчтөр менен биримдикке келип, аткаруу бийлигин жетектеши абзел. Парламентте көпчүлүк орунду жеңип алган саясий партия өкмөттөгү негизги орундарды өзүнө калтырууга укуктуу, дейт Ф.Кулов. Анын ырасташынча, азыркы парламенттик системаны жактырып аткандар президент өкмөттү өзү жетектеши туура болот, деп жатышы натуура. Президент эки бийликтин ортосундагы тең салмактуулукту сактап турушу зарыл. Ансыз бийликтердин бирин экинчиси тескеп, тизгинин тартып, жоопкерчиликти сезип турушу кыйынга айланат.

Кыргызстандык мандикерлердин Орусиянын башкалаасындагы тагдыры, алар көргөн азаптар, жашоонун кыйынчылыгы шаршембидеги «Дело №» гезитиндеги Ирина Дудканын «Кыргыз мандикерлеринин москвалык турмушу» деген макаласында козголгон.
XS
SM
MD
LG