БИШКЕК. Кечээ Бишкектеги мечиттердин биринен чыгып бараткан жеринен Рыспек Акматбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Бул маалыматты Азаттыкка анын адвокаты Рысбек Нагаев тастыктады. Окуя кечээ кечке жуук саат алтыларда Көкжар жаңы конушундагы мечитте болгон. Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Суваналиевдин Азаттыкка билдиргенине караганда, атышуу болгон жерден 31 октун гильзасы табылган. Бирок Рыспек Акматбаевдин сөөгү укук коргоо органдары баргыча алынып кетип, аны соттук-медициналык экспертизадан өткөрүү иштери боло элек. Адвокат Рыспек Нагаевдин айтымында, анын сөөгүн дароо туулган айылына алып жөнөштү, бүгүн ал жерге берилет. Аламүдүн райондук ички иштер башкармалыгынан атышуу болгон учурда намаздан чыгып келаткан эки өспүрүм бала жарадар болгонун тастыкташты.